Кечээ, 27-августта Бишкекте милициянын Кайгуул кызматынын инспекторунун табелдик тапанчасынан ок атылып, 32 жаштагы адам каза болду. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы билдирип, окуянын чоо-жайын айтып берди.
Маалыматка ылайык, каргашалуу окуя саат 21:30дарда Жибек Жолу менен Гоголь көчөсүнүн кесилишинде, Имам Сарахси атындагы мечиттин жанында болгон.
«Toyota RAV4 автоунаасы менен каршы тилкеде келе жаткан айдоочуну Д.Ж. аттуу инспектор токтоткон. Протокол толтурулуп жаткан маалда милиционер менен жаңжалдаша кеткен А.Ч. (1989-ж.) аттуу айдоочу документин калтырып коюп кетип калган. Бир аз убакыт өткөндөн кийин А.Ч. кайра кайтып келип, чатак чыгарып, мушташууга аракет кылып, Кайгуул милициясынын инспекторуна басым жасай баштаган. Андан соң күч колдонуу менен милиционердин табелдик тапанчасын алууга аракет кылып жатканда кокусунан куралдан ок чыгып, айдоочуга тийген. Натыйжада ал каза болуп калган», — деп айтылат билдирүүдө.
Аталган факт Свердлов районунун ички иштер бөлүмүндө катталды. ИИМдин Ички иликтөө кызматы окуяны териштире баштады.