Марал Радиосу

Эрдоган: «Талибан» Түркияга Кабулдагы аэропортту башкарууну сунуштады

«Талибан» кыймылы Түркияга Кабулдагы аэропортту башкарууну сунуштады. Бул тууралуу Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Стамбулдагы «Ататүрк» эл аралык аэропортунда өткөн маалымат жыйында билдирди.

Жыйын учурунда ал Кабулдагы жардырууларды айыптады.

«Ушундай учурда ИГ уюму мындай террордук чабуул жасаганы ал уюмдун аймак жана дүйнө үчүн канчалык кооптуу экенин көрсөтүп турат. Түркия Кабулда болгон террордук чабуулду айыптайт», — деди ал.

Ал учурда Ооганстандан аскерлерин алып чыгып кетүү иштери уланып жатканын белгиледи.

Эрдоган «Талибан» Түркияга Кабулдагы аэропортту башкарууну сунуштаганын айтып, бирок ал боюнча чечим кабыл алына электигин билдирди.

Эскерте кетсек, кечээ, 26-августта Кабулдагы аэропорттун жанында жанкечтилер жардыруу уюштурган. Анын айынан 100дөн ашык киши мерт болгон. Американын чалгын кызматынын маалыматы боюнча, бул террордук чабуулду ИГ уюмунун адамдары жасаган.

Кабулдагы жардыруудан каза болгондордун саны 100дөн ашты