Марал Радиосу

Кочкордо жол кырсыгынан жети адам жабыркады

Нарын облусунун Кочкор районундагы Сары-Булак — Орук-Там унаа жолунун 23-чакырымында Лахол айылында Subaru Forester жана “Нива” үлгүсүндөгү унаалар кагышты. Кырсыктын кесепетинен 7 адам ар кандай жаракаттарды алышкан. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Куткаруучулар жабыркаган жарандарды унаадан чыгарып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Учурда алардын өздүгү такталууда.