Марал Радиосу

ИИМ: Эгемендик майрамында коомдук тартипти 9 миң милиция көзөмөлдөйт

31-август – Эгемендик күнүнө карата өлкө боюнча коомдук тартипти 9 миң милиция көзөмөлдөйт. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Милиция кызматкерлери 30-августтан 1-сентябрга чейин күчөтүлгөн тартипте иштейт.

Белгилей кетсек, быйыл Кыргызстандын Эгемендик мамлекет болгонуна 30 жыл толот. Ага карата аскердик парад өткөрүлөт. Андан тышкары кырктан ашык ар кандай иш-чара уюштурулат.

Exit mobile version