Марал Радиосу

Кабулдагы жардыруудан каза болгондордун саны 100дөн ашты

Taliban fighters stand guard on the road leading to the Hamid Karzai International Airport, in Kabul, Afghanistan, Monday, Aug. 16, 2021. Thousands of people packed into the Afghan capital's airport on Monday, rushing the tarmac and pushing onto planes in desperate attempts to flee the country after the Taliban overthrew the Western-backed government. (AP Photo/Rahmat Gul)

Кечээ, 26-августта Ооганстандын Кабул аэропортундагы жардыруудан каза болгондордун саны 103кө жетти. Бул тууралуу The Wall Street Journal жазды.

Басылма жазгандай, каза болгондордун 90у ооган жарандары болсо, 13ү америкалык аскерлер. Ошондой эле 200гө жакын адам жабыркаган.

Бейшемби күнү жанкечтилер Кабул аэропортунун жанында жардыруу жасашкан. АКШ президенти Жо Байдендин айтымында, чалгын кызматынын маалыматы боюнча аны ИГ террордук уюму уюштурган. Байден АКШ ИГ уюмуна күчкө күч менен жооп берерин билдирген.

Ошондой эле, ал учурда өлкөнү көзөмөлдөп жаткан «Талибан» (Кыргызстанда тыюу салынган уюм) кыймылы ИГ уюмуна «жардам берген эмес» деп ойлой турганын айтты. Талибдер да ал окуяны сынга алып, күнөөлүүлөрдү жоопко тартууну убада кылды.

Белгилей кетсек, учурда АКШ жана бир нече мамлекет Ооганстандагы атуулдарын жана эл аралык коалицияга жардам көрсөткөн ооган жарандарын өлкөдөн чыгарып кетүү иштерин жүргүзүүдө.