Марал Радиосу

Жапаров Молдова президенти Майя Сандуну Эгемендик күнү менен куттуктады

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 27-августта Молдованын президенти Майя Сандуну Молдова Республикасынын Улуттук майрамы — Эгемендик күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

«Өлкөлөрүбүздүн өз ара кызматташуусу кыргыз-молдова мамилелерин өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө багытталат деп терең ишенем. Сизге чың ден соолук, бакубаттык жана жоопкерчиликтүү кызматыңызга ийгиликтерди, ал эми Молдованын элине — тынчтык жана өнүгүү каалайм», — деп айтылат куттуктоодо.