Марал Радиосу

31-августта Анкарада Манастын айкелинин ачылышы болот

31-август саат 15:00дө Түркиянын борбору Анкара шаарындагы Кечиөрен районунда тургузулган Манастын айкелинин ачылышы болот. Бул тууралуу Кыргызстандын Түркиядагы элчилигинен билдиришти.

Манастын айкелин тургузууну элчилик аталган райондун жетекчилиги менен макулдашып, ачылышын Кыргызстандын эгемендигинин 30 жылдыгына карата уюштуруу сүйлөшүлгөн.

Мындан тышкары Кыргызстандын эгемендигинин 30 жылдыгына карата Анкарада сүрөт көргөзмөсү өтүүдө. Ал 28-августка чейин уланат.