Марал Радиосу

Казакстанда бир чек ара бөлүмчөсүнө Нурсултан Назарбаевдин аты ыйгарылды

Казакстанда Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматынын бир чек ара бөлүмчөсүнө Нурсултан Назарбаевдин аты ыйгарылды.

Премьер-министр кол койгон токтомго ылайык, Алматы облусундагы «Баянкол» чек ара бөлүмчөсү Казакстандын биринчи президенти – Элбашы Нурсултан Назарбаев атындагы бөлүмчө деп аталат.

Казакстанда Нурсултан Назарбаевдин атын алып жүргөн окуу жай, китепкана, көчө жана башкалар бар. Ал 2019-жылдын 19-мартында президенттиктен кеткенден кийин 23-мартта борбор калаа Астана Назарбаевдин «урматына» Нур-Султан болуп өзгөртүлгөн.