Марал Радиосу

Коронавирус 237 кишиден табылып, 5 адам каза болду

Бүгүн, 26-августка карата 237 адамдын коронавирус жугузуп алганы аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирди.

Аймактар боюнча алганда, коронавирус Бишкек шаарында — 111, Ош шаарында — 2, Чүй облусунда — 52, Ош облусунда — 6, Талас облусунда — 7, Нарын облусунда — 7, Ысык-Көл облусунда — 33, Жалал-Абад облусунда — 11, Баткен облусунда — 8 кишиден табылган.

Ошол эле учурда 422 бейтап коронавирустан айыгып чыккан.

Бир күн ичинде коронавирустан 5 адам каза болгон.

Бүгүнкү күнү өлкөнүн ооруканаларында 1 миң 215 адам, ал эми амбулатордук түрдө 1 миң 643 бейтап дарыланууда.

Белгилей кетсек, пандемия башталгандан бери Кыргызстанда коронавирус жуктурган жалпы 174 миң 813 учур катталды. Анын ичинен 168 миң 12 адам оорудан айыгып чыкты, 2 миң 503 бейтап каза болду.

Exit mobile version