Марал Радиосу

Шаар тургуну калп убадаларды берген депутаттарды сотко берүүгө чакырды

Бишкек шаарынын тургуну, «Столица» партиясынын лидери Данияр Өмүрзаков «фейктер» же «Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө» мыйзамдын кабыл алынышы боюнча оюн айтып, калп убадаларды берген депутаттарды сотко берүүгө чакырды.

Анын айтымында, аталган мыйзамды депутаттардын өзүнө каршы колдонуу керек.

«Жалпы баарыңарга биригүүнү жана ушул мыйзамды пайдаланып, бизге дайыма фейк убадаларды берип келген бардык саясатчыларды сотко берүүнү сунуштайм! Эгерде алардын убадаларын талдап көрсөк, биз кандайдыр бир кризистеги өлкөдө эмес, экономикасы дүйнө жүзүнө таанымал, башка өлкөлөргө инвестиция салган, өнүккөн мамлекетте жашап калышыбыз керек болчу! Келген мүмкүнчүлүктү эч качан колдон чыгарбаш керек! Бизге дагы мыйзамдарды бергиле, ал эми биз өзүбүздүн мыйзамдуу укуктарыбызды колдонуп, аларды калктын пайдасына чечмелей баштайбыз!», — деп жазган ал.

Эскерте кетсек, аталган мыйзам «Маалыматтарды манипуляциялоо жөнүндө» деген ат менен былтыр парламент тарабынан үч окуудан өтүп, президенттин кол коюусуна жөнөтүлгөн. Бирок коомчулук катуу каршылыгын билдиргенден кийин президент Сооронбай Жээнбеков мыйзамга кол койбой, толуктап иштеп чыгуу үчүн артка кайтарган.

Быйыл депутаттар ал мыйзамды «Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо» деген ат менен кайра алып чыккан. Мыйзамды Жогорку Кеңеш үч окуудан өткөрүп, президенттин кол коюусуна жөнөтүлгөн. «Хюман Райтс Уотч» уюму (HRW) бул мыйзам боюнча билдирүү жасап, ал Кыргызстандагы сөз эркиндигин чектей турганын белгилеген. Аны менен бирге «Хюман Райтс Уотч» Жапаровду аталган мыйзамга вето коюуга чакырган. Бирок 24-августта президент Садыр Жапаровдун ал мыйзамга кол койгону белгилүү болду.

Белгилей кетсек, Данияр Өмүрзаков июнь айынын башында кичи автобустардын айдоочулары жол киренин баасын көтөрүүнү талап кылып, ишке чыкпай койгондо шаар тургундары үчүн акысыз автобустарды уюштуруп берген.

Exit mobile version