Марал Радиосу

Суучул Владислав Шулико Ысык-Көлдүн 110 чакырымын сүзүп өттү (видео)

Ысык-Көлдү узунунан сүзүп өтүүгө чыккан кыргызстандык суучул Владислав Шулико 180 чакырымдын 110 чакырымын басып өттү. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди.

Алардын айтымында, Владислав Шулико өзүн жакшы сезип жатат. Аны биринчи күндөн бери Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары коштоп жүрөт. Анын сууда сүзүп бара жатканы социалдык тармактарда түз көрсөтүлүүдө.

Эскерте кетсек, Владислав Шулико 22-августта Караколдон Балыкчыны көздөй сүзүп жөнөгөн. Ал 180 чакырым аралыкты 4-5 күндө сүзүп өтүүнү пландоодо.