Марал Радиосу

548 адам Кыргызстандын жарандыгын алды

Президент Садыр Жапаров Жарандык боюнча комиссиянын сунушун эске алып, Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жана чыгаруу жөнүндө үч Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу Президенттин администрациясынын маалымат кызматы билдирди.

Эки жарлыкка ылайык, басымдуу көпчүлүгүн этникалык кыргыздар түзгөн 548 адам (399 – чоң киши жана 149 – бала) Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алынды.

Ал эми бир жарлыктын негизинде 102 адам (83 – чоң киши жана 19 – бала) өлкө жарандыгынан чыгарылды.