Марал Радиосу

Алдамчылык иши боюнча Талас шаардык кеңешинин мурдагы депутаты кармалды

Талас шаардык кеңешинин мурдагы депутаты Ж.С. алдамчылык иши боюнча кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

УКМКдан белгилешкендей, ал 2017-жылы алдамчылык жолу менен чет элдик инвестордун жалпы суммасы 7 млн сомду түзгөн мүлкү жана акчаны ээлигине алып алган. Ага байланыштуу ИИМ тарабынан издөөгө алынган.

Учурда ал Биринчи май райондук соттун чечими менен УКМКнын тергөө абагына 18-октябрга чейин камакка алынган.

Exit mobile version