Кечээ, 23-августта Чүй облусунун Москва районунун жарандык абалдын актыларын, калкты каттоо жана паспорт бөлүмүнүн башчысы пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
УКМКдан белгилешкендей, жарандык абалды каттоо бөлүмүнүн башчысы паспорт, күбөлүк жана башка мамлекеттик бланктарды берүү боюнча мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүдө калктан акча чогултуу үчүн коррупциялык схеманы түзүп алган. Ага байланыштуу 50 факт аныкталган.
Учурда ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.
Ыкчам-тергөө иштери жүргүзүлүүдө.