Кыргызстанда дагы бир орусиялык аскер базасын ачуу маселеси каралган жок. Бул тууралуу Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Орусиянын «РИА Новости» агенттигине курган маегинде билдирди.
Маек учурунда ага: «Ооганстандагы кырдаалга байланыштуу Кыргызстанда экинчи орусиялык аскер базасын ачуу маселеси каралып жатабы?» — деген суроо узатылган.
Казакбаев Канттагы аскер базанын аймактагы коопсуздукту камсыз кылууда жана Кыргызстандын Орусия менен аскер-техникалык кызматташтыгын бекемдөөдө орду чоң экенине токтолуп, бирок экинчи аскер базасын ачуу маселеси бүгүнкү күн тартибинде жок экенин айткан.
«Кыргызстан өнөктөштөрү менен бирге Ооганстан менен байланышкан маселелерди эл аралык уюм, баарынан мурда ЖККУ алкагында талкуулоодо. Биз ооган тарап менен болгон чек араны бекемдөө керектигин айтып келебиз. Ошол эле учурда эл аралык террордук уюмдардын Борбор Азия аймагына өтүп кете турган жолундагы экинчи чек катары кыргыз-тажик чек арасын бекемдөө зарыл деп эсептейбиз. Бул багытта Орусия менен активдүү иштешип келебиз. Бирок өлкө аймагында Орусиянын дагы бир аскер базасын ачуу маселеси каралган жок», — деген ал.