Марал Радиосу

Футболчу Мирлан Мурзаев «Дордой» клубунан кетти

«Дордойдун» капитаны жана чабуулчусу Мирлан Мурзаев клубдан кетет. Бул тууралуу «Дордой» клубунан билдиришти.

«Футболчу «Ченнаи» (Индия) клубуна кетүү тууралуу оюн билдирди. Бул сезондо Мурзаев 22 расмий оюнга катышып, сегиз гол киргизди», — деп билдирет клуб.

«Дордой»  31 жаштагы спортчуга клубдагы оюну үчүн ыраазычылык билдирип, ийгилик каалаган.

Мурзаев «Дордойдо» 2019-жылдан бери ойноп жаткан.