Марал Радиосу

Ош мэриясы Исфананын 2,5 чакырым жолуна жарык орнотот

Ош мэриясы Исфана шаарынын 2,5 чакырым жолуна жарык орнотот. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Баткен облусунун социалдык-экономикалык абалына көмөктөшүү боюнча Министрлер кабинетинин буйругунун негизинде Ош шаарынын мэриясы Исфана шаарынын жолуна жарык орнотуп берүү чечимин кабыл алган.

Кечээ, 23-августта Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замир Юсупов 72 электр тирөөч даярдоого тапшырык алган «Пуск» ишканасына барып, иштин жүрүшү менен таанышкан.

Электр мамыларын орнотуу жана жарык тартуу иштери 10 күндө аяктай турганын Ош мэриясы кабарлады.