Марал Радиосу

Бүгүн Токиодо Паралимпиада оюндарынын ачылышы өтөт

олимпиада

Бүгүн, 24-август саат 17:00дө Токио шаарындагы Япон улуттук стадионунда Паралимпиада оюндарынын ачылыш аземи өтөт.

Быйылкы Паралимпиада оюндарынын программасына тхэквондо менен бадминтон да кошулуп, жалпысынан спорттун 22 түрү кирген.

Бул оюндарга 162 улуттук команда, анын ичинде качкындар курамасы катышат. Кыргызстандан эки спортчу — пара-жеңил атлетика боюнча (чоюн ыргытуу) Арыстанбек Базаркулов жана азиз спортчулар арасында пара-дзюдо боюнча 57 килограмм салмакта Хайитхон Хусан кызы лицензия алган.

Паралимпиада оюндары 5-сентябрда аяктайт.

Exit mobile version