Марал Радиосу

Өзгөндө эгемендиктин 30 жылдыгына карата спорт комплекси ачылды

Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Шералы айылында АРИСтин колдоосу менен заманбап спорт комплексинин ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарага Өзгөн районунун аким Мурат Раматов, АРИСтин өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар катышты. Аталган спорт комплекстин курулушу 2020-жылы башталып, 12 млн 875 миң сом сарпталган.

Спорт комплекс эл аралык мелдештерди өткөрүүгө ыңгайлаштырылган. Учурда 150дөн ашуун жергиликтүү тургун волейбол, баскетбол, футбол, эркин күрөш жана башка спорттун түрлөрү менен машыгып жатышат.