Марал Радиосу

«Шамбала» тасмасы Испаниядагы кинофестивалда сыйлык алды

«Шамбала» тасмасы Испаниядагы Imagine India кинофестивалында «Мыкты операторлук иш» сыйлыгын алды. Бул тууралуу «Кыргызфильм» киностудиясынан билдиришти.

Тасманын режиссеру – Артыкпай Сүйүндүков. Ага Мурат Алиев (2020-жылы коронавирустан каза болгон) менен Акжол Бекболотов операторлук кылган.

Эскерте кетсек, «Шамбала» тасмасы Чыңгыз Айтматовдун «Ак кеме» повестинин негизинде тартылган. Буга чейин эл аралык фестивалдарда бир нече сыйлыктарды алган.