Марал Радиосу

Кыргызстанда 641 миң адам коронавируска каршы эмделди

Кыргызстанда акыркы бир суткада COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы 18 миң 459 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 5 миң 103 адам вакцинанын биринчи дозасын, 13 миң 356 жаран экинчи дозасын алды.

Өлкө боюнча жалпы 641 миң 102 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 369 миң 633 жаран экинчи компоненти менен эмделди.