Марал Радиосу

25-августта эгемендиктин 30 жылдыгына арналган илимий конференция өтөт

Бишкекте эгемендиктин 30 жылдыгына арналган эл аралык илимий-теориялык конференция өтөт. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, «Кыргыз Республикасынын эгемендик жылдарында илимдин өнүгүүсү» аттуу эл аралык илимий-теориялык конференция 25-августта саат 10:00дө Улуттук илимдер академиясынын кичи жыйындар залында башталат.

Иш-чаранын программасы менен бул жерден таанышууга болот.