Марал Радиосу

Эксперт: Жарандык интеграциянын тили мамлекеттик тил болушу керек

Бүгүн, 23-августта Билим берүү жана илим министрлиги «Ала-Тоо» эл аралык университети менен биргеликте өлкөдөгү бардык билим берүү мекемелеринин кыргыз тили жана адабияты мугалимдери үчүн «Өлкөнүн өнүгүшүнүн жана өркүндөшүнүн өбөлгөсү – татыктуу тарбия, сапаттуу билим берүү» аттуу республикалык кеңешме өткөрдү.

Иш-чара боюнча Билим берүү жана илим министрлигинин мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторунун башчысы Гүлнара Ибраимова буларга токтолду:

«Бүгүн кыргыз тили жана адабияты мугалимдеринин кеңешмеси өтүп жатат. Бул кеңешмеге республиканын жети облусунан жана эки шаарынан мугалимдер келди.  Жыйындын негизги максаты: билим берүү баскычына карабастан, кыргыз тили жана адабияты мугалимдеринин баарынын башын бириктирүү. Анткени кыргыз тилин окутуу системалуу түрдө кетиши керек. Биз билебиз, кыргыз тилин окутуу мектепке чейинки билим берүүдө өзүнчө дүйнө, мектепте өзүнчө дүйнө, кесиптик окуу жайда өзүнчө дүйнө болуп келди ушул убакка чейин. Ошондуктан баарынын башын бириктирип, бир багытты: негизги максат кыргыз тилин өнүктүрүү болуп жаткандан кийин ошол максатты көздөшүбүз керек. Азыр стандарт программаларга ревизия жүргүзүп, кайра бир карап чыгышыбыз керек. Эң негизги максат: «бүгүнкү мектептик программалар билим берүү системасындагы стандартка жооп береби, жооп бербейби?» деген суроолорго жооп так болушу керек. Экинчиден, ушул кеңешменин жыйынтыгы менен алдыңкы тажрыйбалуу, новатор мугалимдердин базасын түзүү керек. Себеп дегенде, биз эртең мамлекеттик тилди өнүктүрүүдө ошолордун эмгегине, табылгасына таянып иш жүргүзөбүз. Үчүнчүдөн, ар бир мугалим: «Эмнени окутуп жатам? Кантип окутуп жатам? Мен эмнени окуттум?» деген суроолорго жооп алмайынча, жасаган ишине канааттанбагандай болушу керек. Төртүнчүдөн, кыргыз тили өзүнчө сектор, кыргыз адабияты өзүнчө сектор катары иштей турган болуп жатат. Себеп дегенде компьютердик технология заманына багыт алып, колунан телефон түшпөгөн, кибернетика заманы менен кетип жаткан жаштарга биз эмне программаны окутуп жатабыз, биздин окуткандарыбыз алар үчүн кызыкпы, биз окуткандар балдарга керекпи, айтор, ушул багытта да иштөө керек. Бала өз заманы жөнүндө кеп козгогондо кенен сүйлөйбү же үркүн, басмачылар жөнүндө кенен сүйлөйбү? Баланы кенен сүйлөтүү үчүн, кызыктыруу үчүн биз бул жагын да карап көрүшүбүз керек. Дагы бир негизги маселенин бири: биз канткенде кыргыз тилчилерге ыңгайлуу шарт түзүп бере алабыз? Бүгүнкү кеңешменин эң негизги максаттары – ушулар».

Белгилей кетсек, жыл сайын август айында өтүп келген мугалимдердин республикалык кеңешмеси бул жылы 7-сентябрга белгиленген. Бүгүнкү өткөн иш-чараны ошол чоң кеңешмеге даярдык, ошол чоң кеңешменин бир бөлүкчөсү катары кароого да болот. Кеңешмеге конок катары келген Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Сыртбай Мусаев мамлекеттик тилди, адабиятты окутуудагы бир катар көйгөйлөрдү атап өттү. Анын жеке көз карашында «Август кеңешмеси» аталышына ээ болгон жалпы кеңешмени да ушундай секцияларга бөлүп койгон эң туура болот. Себеби чоң жыйында көп учурда жалпы көйгөйлөр гана айтылып, тармактык, багыттык маселелерди кароого убакыт жетпей калат.

«Кыргызстанда бүгүнкү күндөгү чоң көйгөйдүн бири: адабиятты окутуу, тилди окутуу, анан балдарга тарбия берүү. Ушул маселелер боюнча мугалимдерди чогултуптур, мен муну жакшы жөрөлгө деп эсептейм. Бөлөк сабактарды, айталы, математиканы, физиканы, химияны эч өзгөртө албайт, алар дүйнөлүк аренадагы сабактар болгондуктан кандай болсо ошондой окута берет. Ал эми тилдин, тарыхтын, адабияттын, маданияттын – улуттук илимдердин өзгөчөлүгү болот. Ошондуктан ушул предметтерден берген мугалимдердин кеңешмесин өзүнчө өткөзүү жакшы натыйжа берет деп эсептейм.

Мектеп менен жогорку окуу жайда проблема бир. Мектепте деле, жогорку окуу жайда деле тилди, адабиятты жакшы окутпайт. Окутуунун мазмуну такыр башка болуп калган. Ар кайсы өлкөнүн ар кандай багыттагы, ар кандай көз караштагы, ар кандай идеологиядагы саясатын таңуулаган эл аралык уюмдардын туура эмес жүргүзгөн ишинин натыйжасында биздин окуу системабыз талкаланган. Министрлик ушуга туруштук бере албай койду. Эл аралык стандарт дейт: ар бир элдин, ар бир улуттун, ар бир мамлекеттин өзүнүн өзгөчөлүгү бар; ошол өзгөчөлүккө жараша жашоосу, мүмкүнчүлүгү, дарамети бар; ошого жараша стандарт түзүлүшү керек эле. Биздики андай болбой, глобализация деген «желмогуз» улуттук мамлекеттердин маданиятын, адабиятын, тилин талкалаганга багытталып, эл аралык уюмдар бизди ушул абалга алып келди. Бүгүнкү күндөн баштап биз өзүбүздүн улуттук өзгөчөлүгүбүзгө жараша иш жүргүзүшүбүз керек. Албетте жалпы адамзаттык баалуулуктар бар, жалпы адамзаттык дөөлөттөр бар, бирок анын баары улуттук баалуулуктардын, дөөлөттөрдүн базасында түзүлөт. Биз штаттык же конфедеративдик, же федеративдик мамлекет эмеспиз, биз улуттук мамлекетпиз. Биз ушуну туура түшүнүшүбүз керек».

Эске салсак, президент Садыр Жапаров кызматына расмий киришкен алгачкы күндөгү эң биринчи жарлыгы «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» болгон. Мунун негизинде атайын жумушчу топ түзүлүп, ушундай аталыштагы концепция иштелип чыккан. Бүгүнкү күндө аны ишке киргизүү, ишке ашыруу пландары каралып жатат. Президенттин администрациясынын жарандык коомдун институттары менен иштешүү, дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча бөлүмүнүн эксперти Санжар Тажиматов аталган жарлыктын жана концепциянын негизги өзгөчөлүктөрүн учкай айтып берди.

«Ал жерде мындай маселелер каралып жатат: биринчи кезекте материалдык баалуулуктардан руханий баалуулуктарды жогору коюу, тактап айтканда, биздин коомго ким көп пайда алып келсе, ошол адам биринчи орунда турушу керек. Айталы, мугалимдин статусу мурункудай болбой калды. Демек, биздин алдыбызда эң чоң милдет турат: мугалимдин статусун жогорулатуу. Кечээги пандемиянын шарттарында мугалимдин, врачтын бизге эң чоң пайда алып келери белгилүү болду. Ошондуктан биз бүгүнкү күндө баалуулуктарды жана мамилени өзгөртүшүбүз керек.

Экинчиси, бүгүнкү кеңешменин темасында көрүнүп тургандай, татыктуу тарбия берүү. Сиздерге белгилүү болгондой, эгемендикке жеткенден бери бизде өзүбүздүн тарбия системабыз жок, муну моюнга алышыбыз керек. Биз башка мамлекеттердин, сырттан келген долбоорлордун тарбия системасын өзүбүзгө киргизебиз деп, бардыгын башаламан кылып алдык. Демек, биздин алдыбызда тарбия системасын иштеп чыгып, тартипке салып, өзүбүздүн нукура кыргыз өнүгүү моделинин тарбия системасын киргизүү милдети турат. Бул да президенттин биринчи жарлыгынын негизинде ишке аша турган маселе. Биздин коомду билимдүү, бирок тарбиясы жок адамдар талкалап жатат. Ошондуктан бүгүнкү күндө тарбия маселеси өтө актуалдуу болуп турат. А тарбиянын негизи сиздер өтүп жаткан адабият сабагы болуп эсептелет.

Үчүнчүдөн, жарлыктын негизинде «Кыргыз жаранынын идентүүлүгүн өнүктүрүү» концепциясы бекитилген. Ал жерде да мамлекеттик тилге өзгөчө орун берилген. Себеби жарандык интеграциянын тили мамлекеттик тил болушу керек. Тактап айтканда, башка этностун өкүлдөрүн да бири-бири менен мамлекеттик тилде сүйлөштүрүүгө жетишүү керек. Ошол эле учурда эне тилди өнүктүрүү, расмий тилди сактоо, көп тилдүүлүккө жетишүү маселелери да бар».

Санжар Тажиматов ошондой эле мамлекеттик тилди калыпка салуу, өнүктүрүү, эл аралык стандарттарга ылайык окутуу зарылчылыктарына токтолуп, мектептерде кыргыз тилин окутуунун методикасын өзгөртүү учурдун талабы болуп турганын белгиледи.

Жыйындын жүрүшүндө булардан тышкары кыргыз тилин эне тили катары окутуу концепциясынын долбоору талкууланып, кыргыз адабиятын окутуунун актуалдуу маселелери, көп тилдүү билим берүү, «Манас» эпосун окутуу, кыргыз тилинде китеп чыгаруу маселелери, «Улут» мобилдик тиркемеси жана анын мамлекеттик тилди өнүктүрүүдөгү ролу сыяктуу кыргыз тилинин, кыргыз адабиятынын көйгөйүн, өнүгүшүн, предмет катары окутуу жагдайларын ар кандай өңүттө талдаган баяндамалар жасалды. Андан соң мугалимдер 8 секцияда иш алып барып, тажрыйба алмашуу менен бир катар маселелер боюнча пикир алышты.