Марал Радиосу

Түркияда Кыргызстандын эгемендигинин 30 жылдыгына арналган көргөзмө ачылды

Бүгүн, 23-августта Түркиянын борбору Анкара шаарында Кыргызстандын эгемендигинин 30 жылдыгына арналган сүрөт көргөзмөсү ачылды. Бул тууралуу Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги билдирди.

Ачылыш салтанатка элчи Кубанычбек Өмүралиев менен Анкаранын вице-мэри Сержан Чыггын катышты.

Көргөзмөгө Кыргызстандын байыркы тарыхын, маданиятын, кооз жаратылышын, турмуш-тиричилигин жана улуттук спорт оюндарын чагылдырган сүрөттөр коюлган.

Иш-чара элчилик жана Анкаранын мэриясы тарабынан уюштурулган.

Көргөзмө 28-августка чейин созулат.