Марал Радиосу

Бишкекте түркиялык компания таштандыны кайра иштетүүчү завод курат

Бишкекте түркиялык компания таштандыны кайра иштетүүчү завод курат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти.

Бүгүн, 23-августта мэрдин милдетин аткарып жаткан Айбек Жунушалиев, инвестициялар министри Алмамбет Шыкмаматов жана түркиялык Biotrend Energy компаниясынын президенти Илхан Доган «Бишкекте таштандыны кайра иштетүүчү ишкананы долбоорлоо жана куруу» долбоорун ишке ашыруу тууралуу меморандумга кол койгон.

Документте айтылгандай, түркиялык компания бир ай аралыгында заводдун курулуш долбоорун, техникалык -экономикалык негиздемесин даярдайт. Ошондой эле каржы маселесин өз мойнуна алат.