Марал Радиосу

Кагаз жана картонду өлкөдөн ташып чыгууга убактылуу тыюу салынды

Кыргызстандан кагаз жана картонду (макулатура жана таштанды) Евразия Экономикалык Биримдигинен башка аймактарга ташып чыгууга алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салынды. Тиешелүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койду.

Убактылуу тыюу салуу ички рынокто чийки заттын тартыштыгынын алдын алуу, өндүрүштү калыпка салуу жана даяр өндүрүмдүн экспортун көбөйтүү максатында киргизилди.

Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы аталган товарларды мыйзамсыз ташып чыгууну токтотууга багытталган зарыл чараларды көрүшү зарыл.