Марал Радиосу

29 жаштагы Санжарбек Болотов Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборуна директор болду

Санжарбек Болотов Инвестициялар министрлигинин алдындагы Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборунун директору болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койду.

Санжарбек Болотов 1991-жылы 13-ноябрда туулган. Билими жогорку.

Болотов 2018-жылдан 2020-жылдын февралына чейин Өкмөттүн аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүндө эксперт болуп иштеген.

2021-жылдын 18-майында түзүмдүк өзгөрүүлөргө байланыштуу Санжарбек Болотов Президенттин администрациясынын стратегиялык өнүктүрүү саясаты жана пландоо бөлүмүнүн эксперти болуп дайындалган.