Марал Радиосу

Ооганстандан Катарга чыгарылган 11 жаран Кыргызстанга алып келинди

Мындан мурдараак Ооганстандан Катарга чыгарылган 11 кыргызстандык жаран Кыргызстанга алып келинди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Алар Бишкекке бүгүн, 23-августта саат 04:40та учуп келген.

Ошондой эле кечээ, 22-августта бир кыргызстандык жаран Ооганстандан Алматы шаарына эвакуацияланган.

Министрлик Ооганстанда жүргөн кыргызстандык жарандар коопсуз жерде экенин жана жакын арада Кыргызстанга кайтарыларын белгилейт.

Exit mobile version