Марал Радиосу

Акжол Махмудов II даражадагы «Манас» ордени менен сыйланды

Токиодогу Олимпиада оюндарында күмүш байге уткан грек-рим күрөшү боюнча балбан Акжол Махмудов II даражадагы «Манас» ордени менен сыйланды.

Бүгүн, 23-августта «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Олимпиада оюндарында байге алган спортчуларга жана алардын машыктыруучуларына мамлекеттик жана акчалай сыйлыктарды тапшыруу аземи өтүп жатат.

Акжол Махмудовго 10 млн сом акчалай сыйлык жана унаа белек кылынды.

«Биздин мекенибиз өнүгүп-өссүн. Алдыдагы Олимпиадага мындан да жакшы шарттар түзүлсүн. Келерки Олимпиадада бизге тарыхтагы биринчи алтын келет деп ойлом», — деди ал.