Марал Радиосу

Ош шаарында жалпы ишембиликке 22 миңге жакын киши катышты

Кечээ, 21-август күнү Ош шаарында  Эгемендиктин 30 жылдыгына карата даярдык көрүү максатында жалпы ишембилик болуп өттү. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынан билдиришти.

Ишембиликке шаардагы мекеме-ишканалар, муниципалдык аймактык башкармалыктардын эмгек жамааттары, калаа тургундары болуп 21 миң 941 адам катышкан.

Ишембилик учурунда 1,5 миң куб метр таштанды чогултулган.

Мэрия жалпы ишембиликке шаардын борбордук жана ички көчөлөрүндө жайгашкан жеке менчик соода түйүндөр активдүү катышпаганын белгилейт.

Ишембилик бүгүн, 22-августта да улантылды.

Exit mobile version