Марал Радиосу

Кыргызстандык волейболчулар Борбор Азия чемпионатынын финалына чыкты

Кыргызстандын волейбол боюнча эркектер курамасы Борбор Азия чемпионатынын финалына чыкты.

Жарым финалда алар Өзбекстан менен ойноп, аларды 3:0 эсебинде женди.

Финалдык беттеште кыргызстандык волейболчулар Казакстандын курамасы менен ойнойт.

Волейбол боюнча Борбор Азия чемпионаты Өзбекстандын Фергана шаарында өтүүдө. Биринчиликке Тажикстан, Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын курамалары катышууда.