Кыргызгидромет борбору 21-августтан 27-августка чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты.
- Чүй облусунда күтүлгөн аба-ырайы
21-27-августтарда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 23-24-августтарда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
- Бишкек шаарында күтүлгөн аба-ырайы
21-23-августтарда жана 24-августта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.
24-августта күндүз жаан жаашы мүмкүн.
25-27 августтарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.
- Талас облусунда күтүлгөн аба-ырайы
21-27-августтарда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 23-24-августтарда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
- Ош облусунда күтүлгөн аба-ырайы
21-27-августтарда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 23-24-августтарда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
- Жалал-Абад облусунда күтүлгөн аба-ырайы
21-23-августтарда августта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
23-24-августтарда түнкүсүн тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт.
25-27-августтарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 23-24-августтарда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
- Баткен облусунда күтүлгөн аба-ырайы
21-24- августтарда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
25-27-августтарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 23-24-августтарда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
- Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба-ырайы
21-августта кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт.
22-августта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт.
23-августта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.
23-августта күндүз жана 24-августта көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.
24-августта кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.
25-августта кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт.
26-27-августтарда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 23-24-августта кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
- Нарын облусунда күтүлгөн аба-ырайы
21-27-августтарда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 23-24-августта кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
28-29-августтарда Кыргызстандын аймагында күтүлгөн аба-ырайынын жакындатылган болжолдоосу:
28-29-августтарда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Талас, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.ин
Абанын температурасы дээрлик өзгөрүлбөйт.