Эртең, 22-августта өлкө аймактарында жаан жаап, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунан билдиришти.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +14 … +19, күндүз +29… +34;
Талас облусунда түнкүсүн +9 … +14, күндүз +27 … +32;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +17 … +22, күндүз +32 … +37;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +9 … +14, күндүз +22 … +27;
Нарын облусунда түнкүсүн +5 … +10, күндүз +22 … +27 градус ысык болот.
Бишкекте жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +15 … +17, күндүз +31 … +33 градус ысык болот.