Марал Радиосу

Чүйдө бир адам кудук казып жатып каза болду

Чүй районунун Чүй айылында кудук казып жаткан жаран иске уугуп каза тапты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, аталган айылдын Проектируемый көчөсүндө жайгашкан турак үйгө кудук казып жатышкан 3 адам 15 метр тереңдикке келгенде иске ууланып калышкан. Бир адам дем жетпей каза таап, эки адам жабыркаган.

Жерине барган ӨКМдин Токмок шаардык бөлүмүнүн 3 куткаруучусу каза болгон жаранды кудуктан чыгарып беришкен.