Марал Радиосу

Кыргызстанга Орусия менен Казакстандын өкмөт башчылары келди

Чолпон-Ата шаарында өтө турган Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылары келүүдө. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Учурда Чолпон-Ата шаарына Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин, Орусия Өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин, Беларустун өкмөт башчысы Роман Головченко жана Армениянын премьер-министри Никол Пашинян келди.

Белгилей кетсек, Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны 19-20-август күндөрү болуп өтөт.

Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин

 

Орусия Өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин