Марал Радиосу

Бишкекте жугуштуу оорулар бейтапканасына автобус каттай баштады (жол каттамы)

Бүгүн, 19-августтан тарта Бишкектеги Республикалык жугуштуу оорулар бейтапканасына автобус каттай баштады. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти.

№2 каттамдагы автобус «Чыгыш унаа бекети – Жугуштуу оорулар бейтапканасы» (айланма каттам) багыты боюнча жүргүнчү ташыйт.

Бул каттамда 12 автобус иштейт.

Мэриядан белгилешкендей, жаңы каттам шаар тургундарынын өтүнүчү менен ачылды.