Экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров кыргыз-орус бизнес-форумунда ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ортосундагы чек араларды алып салууну сунуштады.
Ал ЕАЭБ өз күчүн бекемдеп, дүйнөлүк экономикадагы негизги оюнчу болоруна терең ишенимин билдирди. Бирок бул үчүн өлкөлөр ЕАЭБдин иштешинин негизги принциптерин жана уставын так аткарышы керек деп эсептейт.
Ошондой эле Жапаров товарларды эркин ташууга болгон макулдашууну сактоого чакырды.
Мындан сырткары ал эгерде мындай принцип сактала турган болсо, соода жүгүртүүнүн көлөмү да өсө турганын белгиледи.