«Мегаком» компаниясы SIM-карта сатып алуу үчүн тендер жарыялады. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталында айтылат.
Тендер 18-августта жарыяланган. Арыздар 1-сентябрга чейин кабыл алынат.
Компания 16 млн 44 миң сомго SIM-карта сатып алууну пландоодо.
Белгилей кетсек, өкмөт «Мегаком» компаниясын сатууну пландап жатат. Аны Улуттук банк сатып алышы мүмкүн экендиги айтылууда.