Марал Радиосу

«Мегаком» 16 млн сомго SIM-карта сатып алат

«Мегаком» компаниясы SIM-карта сатып алуу үчүн тендер жарыялады. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталында айтылат.

Тендер 18-августта жарыяланган. Арыздар 1-сентябрга чейин кабыл алынат.

Компания 16 млн 44 миң сомго SIM-карта сатып алууну пландоодо.

Белгилей кетсек, өкмөт «Мегаком» компаниясын сатууну пландап жатат. Аны Улуттук банк сатып алышы мүмкүн экендиги айтылууда.