Кыргызстанда жарым жылда 979,2 миң тонна сүт өндүрүлдү. Бул тууралуу Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги билдирди.
Былтыркыга караганда сүт 19 миң тоннага же 2%га көп өндүрүлгөн.
Бул саан уйлардын 19,7 миң башка көбөйгөнү менен байланыштуу.