Марал Радиосу

Оштогу Кемпир-Абад суу сактагычына чөгүп кеткен жигиттин сөөгү табылды

Кечээ, 17-августта Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кемпир-Абад суу сактагычына 23 жаштагы Э.А. аттуу жигит чөгүп кеткен.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 7 куткаруучусу 18-август күнү жерине издөө иштерин жүргүзгөн.

Бүгүн саат 15:12де куткаруучулар тарабынан баланын сөөгү табылып, туугандарына берилди.