Жалал-Абад облусунун Сузак районунда колунда жок бүлөдө өсүп жаткан жана жетим балдарга мектеп формалары тапшырылды. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Мектеп формалары 200 балага берилген. Облус башчысы көтөргөн демилгени демөөрчүлөр колдоого алып, балдарга мектеп кийимин сатып берген.
Алдыда дагы 800 балага мектеп формасы берилет.