Марал Радиосу

Министрлер кабинети Тенгиз Бөлтүрүктүн ыйгарым укуктарын узартты

«Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун убактылуу тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүктүн ыйгарым укуктары узартылды. Бул тууралуу ал өзү Kaktus.mediaга билдирген.

Эске салсак, Жогорку Кеңеш «Кумтөргө» 3 айлык мөөнөткө убактылуу тышкы башкаруу киргизүүнү жактырып, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун сунушу менен Тенгиз Бөлтүрүк «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун тышкы башкаруучусу кызматына 18-майда дайындалган.

Мыйзамга ылайык, анын кызматтык ыйгарым укуктары бүгүн токтотулушу керек болчу. Бирок Министрлер кабинети кечээ, 17-августта Тенгиз Бөлтүрүктүн 3 ай ичинде аткарган иштери боюнча отчетун кабыл алып, кызмат мөөнөтүн узарткан.