Марал Радиосу

Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө макулдашуу ратификацияланды

Президент Садыр Жапаров «Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзамга кол койду.

Ал макулдашууга быйыл 11-мартта Ташкент шаарында Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөттөрү тарабынан кол коюлган.

Фонд Кыргызстанда иш алып барган ишканаларга, ишке ашырылуучу долбоорлорго каражат берет.

Башында Фонддун уставдык капиталы 50 млн долларды түзөт. Ал акчаны Өзбекстан салат. Кийинчерээк уставдык капитал 200 млн долларга жеткирилет.

Exit mobile version