Марал Радиосу

Кыргызстандык жаш балбан Дүйнө чемпионатында коло байге утту

Мухаммад Абдуллаев

Кыргызстандык эркин күрөш боюнча балбан Мухаммад Абдуллаев (79 кг) жаштар арасындагы Дүйнө чемпионатында коло байге утту. Бул тууралуу Кыргызстандын күрөш федерациясынан билдиришти.

Коло үчүн беттеште ал казакстандык Махамбет Нуржаубаев менен күрөшүп, 4:1 эсебинде жеңген.

Бүгүн, 18-августта дагы бир кыргызстандык балбан Стамбул Жаныбек уулу (74 кг) коло үчүн күрөшөт. Беттешти саат 19:00дө Дүйнөлүк күрөш уюмунун сайтынан көрүүгө болот.

Белгилей кетсек, эркин, грек-рим жана кыз-келиндер күрөшү боюнча жаштар арасындагы Дүйнө чемпионаты Башкыртстандын борбору Уфа шаарында өтүүдө. 16-августта башталган чемпионат 22-августта жыйынтыкталат.