Марал Радиосу

Кубакы ашуусундагы жол кырсыкта каза болгондордун саны 7 адамга жетти

Бүгүн, 17-августта «Бишкек – Нарын – Торугарт» унаа жолунун Кубакы ашуусунда болгон жол кырсыгынан каза тапкандардын саны 7 адамга жетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Такталган маалымат боюнча, кырсыкка 23 адам кабылган. Алардын ичинен 5 адам жеринде каза болгон. Жабыркаган 15 адам Кочкор райондук ооруканасына жаткырылган. Алардын ичинен 2 адам (1 наристе жана 74 жаштагы абышка) бейтапканадан көз жумган. Кырсыктан жабыркаган дагы 3 адам Балыкчы шаардык ооруканасына жеткирилген.

Жабыркагандардын жана каза тапкандардын аты-жөнү такталууда.

Белгилей кетсек, буга чейин Кубакы ашуусунда жүргүнчү ташыган Mercedes-Benz Sprinter менен оор жүк ташыган МAN унаалары кагылышып, 5 адам каза болгону, 10 адам жабыркаганы кабарланган.

«Турмуш» басылмасынын аймактык кабарчысынын маалыматына караганда, Mercedes-Benz Sprinter унаасында 18 адам Ак-Талаа районун көздөй бараткан.

Ысык-Көлдө жол кырсыгынан 5 адам каза болуп, 10 адам жабыркады

Exit mobile version