Марал Радиосу

Токиодогу Паралимпиада оюндарына Кыргызстандан эки спортчу катышат

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов паралимпиада курама командасын кабыл алып, спортчуларга ийгилик каалады.

«Алдыда боло турган Паралимпиада оюндарында бүтүндөй кыргыз эли сиздерди колдойт. Ийгилик менен кайтыңыздар», — деди Улукбек Марипов.

Ошондой эле ал Паралимпиада командасынын мүчөсү Арыстанбек Базаркуловго Кыргызстандын туусун тапшырды.

Эске салсак, 24-августтан 5-сентябрга чейин XVI Паралимпиада оюндары Токиодо өтөт. Ага Кыргызстандан эки спортчу: пара-жеңил атлетика боюнча (ок атуу) Арыстанбек Базаркулов жана азиз спортчулар арасында пара-дзюдо боюнча 57 килограмм салмакта Хайитхон Хусан кызы лицензия алган.