Марал Радиосу

COVID-19: 341 адам оору жугузуп, 6 адам каза тапты

17-августка карата 341 адамдын коронавирус инфекциясын жугузуп алганы аныкталды. Анын 151и Бишкек шаарынан, 3ү Ош шаарынан, 93ү Чүй облусунан, бири Ош облусунан, 15и Талас облусунан, 11и Нарын облусунан, 29у Ысык-Көл облусунан, 22си Жалал-Абад облусунан, 16сы Баткен облусунан катталган.

Бир сутка ичинде 561 бейтап COVID-19дан айыгып чыкты. Өлкө боюнча 6 адам илдеттен каза тапты.

Учурда 1920 бейтап стационарларда, 3 миң 67 бейтап үй шартында дарыланып жатат.

Пандемия башталгандан бери жалпы өлкө боюнча 172 миң 668 адамга оору жуккан. Анын ичинен 163 миң 810 адам айыгып чыгып, 2 миң 457 адам көз жумган.

Exit mobile version