Марал Радиосу

Кыргызстандын футбол курамасы ФИФАнын рейтингинде 101-орунга түштү

Кыргызстандын футбол курамасы ФИФАнын жаңыртылган рейтингинде 101-орунга жайгашты. Тизме уюмдун расмий сайтына жарыяланды.

Бул ирет Кыргызстандын курамасы 27-майда чыккан рейтингге караганда эки тепкич ылдыйлаган.

Кыргызстан июнь айында Дүйнө биринчилигинин тандоо турунун алкагында үч оюн өткөргөн. Биринчи беттештеМонголияга 0:1 эсебинде жеңилген. Экинчисинде Мьянманы 8:1 эсебинде утуп, үчүнчү оюнда Японияга 1:5 эсебинде жеңилип калган. Жыйынтыгында Кыргызстан 17 упай жоготкон.

Ал эми рейтингдин алдыңкы үчтүгүндө Бельгия, Бразилия жана Франция курамалары турат.