Марал Радиосу

Жалал-Абадда унаа жана гараждан чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү

Бүгүн, 16-августта Жалал-Абад шаарынын Абдрахманов көчөсүндө унаа жана гараждан чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Өрт жакын жайгашкан имаратка өтүп, Жалал-Абад шаардык Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жалпы 4 бөлүмү жана ыкчам топ тартылган. Саат 13:35те чектөөгө алынып, саат 14:43тө толук өчүрүлгөн.

Учурда  өрттүн себеби такталууда.